Кечээ, 5-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу №5 Ноокат округу боюнча өткөн шайлоодо көп добуш алган талапкер Бакытбек Мариповду жеңүүчү деп тапты.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жеңүүчү деп тапкан.
30-июнда Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.