Бүгүн, 1-декабрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын имаратында шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон тараптар менен жолугушуу өткөрүп жатат.
Маалым болгондой, жыйынга 21 партиянын тең өкүлдөрү чакырылган.
29-ноябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы, сайттагы мүчүлүштүктөр боюнча маалымат жыйын өткөрмөк. Маалымат жыйындын баштапкы убактысы ошол күнү саат 11:00гө белгиленген болчу. Бирок кийин саат 12:00гө жылдырылганын билдиришкен. Ал эми саат 12:00гө барган журналисттерге маалымат жыйын жылдырылганын айтышып, бирок так убактысын айта алышкан эмес.