БШК Ош округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2 талапкерди четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шайлоо округу боюнча депутаттыкка эки талапкерди каттоону жокко чыгарды.

БШК билдиргендей, 19-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынан талапкер Маматкуловдун добуштарды сатып алуу фактылары тууралуу маалымат жана материалдар түшкөн.

«Аталган талапкердин агитаторлору Г.Мамажанов, Д.Хамдамова, Х.Парпиев жана Ы.Мадазимова аныкталып, аларга 20 шайлоочуну Маматкуловдун пайдасына добуш берүү үчүн алып келип, андан кийин ар бирине 5000 сомдон төлөп берүү тапшырмасы берилген», — деп айтылат маалыматта.

25-апрелде кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы менен Маматкулов 19 агитатордун айлык акысын накталай (95 миң сом) шайлоо фондунун атайын эсебиндеги каражатка тийбей, төлөп бергени аныкталган. БШК конституциялык мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык талапкер Максатбек Маматкуловду каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын 26-апрелдеги жыйынында комиссия мүчөлөрү талапкер Эргешев тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча билдирүүлөрдү карап чыкканы маалым болду. 25-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына Ош шайлоо округунун талапкерлери Б.Т.Мамаджанова, К.А.Кадырова, А.А.Мамаев, Н.И.Танабаев, А.А.Абдугапаров жана Б.Арзибаевден талапкер Б.А.Эргешовду каттоону жокко чыгаруу талабы менен жамааттык арыз келип түшкөн.

Билдирүүдө талапкер үгүт иштерин жүргүзүүдө кызматкерлерди тартуу менен административдик ресурсту системалуу түрдө колдонот деп айтылат. Борбордук шайлоо комиссиясы мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен талапкер Бекмурза Эргешовду “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.