БШК: «Саясий партиялардын IT-адистери БШКнын сайтындагы маалыматтардын тууралыгын тастыкташты»

Саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз IT-адистеринен, БШКнын мүчөлөрүнөн жана адистеринен түзүлгөн автоматташтырылган маалыматтарын көз карандысыз салыштыруу боюнча жумушчу топ 28-ноябрда шайлоонун алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн таблицада пайда болгон механикалык катанын себептерин карап чыгышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, IT-адистери ката дисплейде көрсөтүлгөн программанын туура эместигинен улам болгон жана добуштардын саны урнадан алынган маалыматтарга дал келерин түшүнүшкөн. «Тышкы таблицадагы дисплейдин катасы БШК маалымат системасынын борбордук серверине келген башкаруунун автоматташтырылган тутумунан алдын ала маалымат топтомуна таасирин тийгизген жок»,- деп айтылат маалыматта.