Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолордун жыйынтыктары менен макул болбогон партиялардын митинги өтүп жатат.
Нааразычылык акциясына «Кыргызстан коммунисттер» партиясынын жана «Уулу-Журт» саясий бирикмесинин өкүлдөрү чыгышкан. Алар колдорунда «БШК, эл менен болгула», «Биз ыплас шайлоонун жыйынтыгына макул эмеспиз!» деген плакаттарды көтөрүп турушат.
Буга чейин 9 саясий партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктары менен макул эместигин жана митингге чыгуу ниетин билдиришкен. Митингчилер Борбордук шайлоо комиссиясынан туура чечим кабыл алып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда.