Шайлдабекова механикалык ката эмне экенин түшүндүрдү

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентке өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер менен болгон жолугушууда 28-ноябрда добуш берүү күнү автоматтык урнанын маалыматын окууда механикалык катачылык кеткенин айтты. 

Анын айтымында, тилкелердеги бардык маалыматтар борбордук серверге контактсыз режимде түшүп, алар автоматтык түрдө шифрленет жана сайтка жөнөтүлөт. Процесске эч ким таасир эте албайт. «Формула туура эмес маалыматтарды кошкондо ката кеткен. Партиялардын добуштары тизмедеги талапкерлер үчүн берилген добуштарга кошулган. Бул жаңы системаны киргизгенибизге байланыштуу болду, ошол эле учурда коркунучта эмне болуп жатканын түшүнгөндө биз бул катаны дароо жойдук», — деп түшүндүрдү БШКнын төрайымы.