БШКнын төрайымы системада мүчүлүштүк кетпегенин айтты

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Учурда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Журналист төрайымдан саат 20:00дөн кийин БШКнын сайтында мүчүлүштүк болуп, партиялардын добуштары эмне үчүн азайып кеткенин сурады. «Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде. Сиздерге ыңгайлуу болсун деп кыска таблица түзүп бергенбиз. Ошол сыртында жалпыланып көрсөтүлөт. Сырткы таблица көрсөтмөлүү эле. Системанын бөлүгү эмес. Ошондуктан бул жерде эч кандай зыян жок. Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгы алдын ала жыйынтык. Юридикалык мааниде эмес деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Кол менен саноо жүргүзүлүп жатат», — деди төрайым.

Ал мындан тышкары, системада мүчүлүштүк (сбой) болбогонун айтты. «Системада эч кандай мүчүлүштүк кеткен жок. Сырткы форматта формула туура эмес киргизилип калды», — деди ал.