Каза болду делинип, бирок сөөгү табылбай, изделип жаткан «Бөрү» жоокери Жамал Тойчиев аман-эсен табылды

Буга чейин каза болду делинип, бирок сөөгү табылбай, изделип жаткан «Бөрү» жоокери Жамал Тойчиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу социалдык тармакта анын досу жазып чыкты.

3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан досум азыр тирүү табылды”, — деди ал.

Буга чейин Камчыбек Ташиевдин Тажикстандан 4 чек арачыны бошотуп келгени маалым болгон. Алардын бири — Жамал Тойчиев.