«Бул жерде мени эмес, Кыргызстандын калкын соттоп жатышат». Болот Темиров сотто акыркы сөзүн айтты

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум уланып жатат. Сотко судья Акылбек Адимов төрагалык кылууда. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Мээрим Алиева Темировду 5 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Журналисттин жактоочусу Замир Жоошев прокурор Алиевдин айыптоосу боюнча пикирин билдирди. Ал жактоочуну Кыргызстандан чыгаруу боюнча мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырбоону өтүндү. Анын айтымында, Темиров Кыргызстанда туулуп-өскөн. «Ал Кыргыз Республикасынын жараны болгон жана боло берет», — деди адвокат.

Андан соң акыркы сөздү соттолуучу өзү айтты. Темиров өз сөзүндө бүгүн “тарыхый күн” экенин баса белгиледи. «Бул жерде мени эмес, Кыргызстандын калкын соттоп жатышат. Сот жеке мага эмес, бүтүндөй Кыргызстандын элине өкүм чыгарат. Бийлик 9 ай бою өзүнүн колундагыларын пайдаланып, кысым көрсөтүп, жамандап, кемсинтип келди», — деди Темиров.

“Тарыхта ким бойдон каласың?» — деди Темиров, бирок судья Адимов анын сөзүн бөлүп, нормаларды аткарууга үндөдү.

Эрежелер? Уят барбы? Прокурордун абийири барбы? – деп жооп берди журналист. 

Жыйынтыгында Темиров судья Адимовдон акыйкат өкүм чыгарууну суранды.