Буга чейин социалдык тармактарда жылаңайлак милиция кызматкеринин баланы көтөрүп турган сүрөтү тарап, күндүн сүрөтү аталган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги айым менен баарлашып, ал тууралуу маалымат топтоду.
«Мен Ходжамова Садокат Абдирахимовна 1993-жылы Өзгөн районунун Заргер айыл аймагында төрөлгөм. 2 баланын энесимин. 2022-жылдын 7-октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош ОИИБдин туристтердин коопсуздугун камсыздоочу бөлүмдө тескөөчү болуп иштеп келем. Милициянын лейтенантымын. Ошол күнү күндөгүдөй эле шеригим Али Турдалиев менен Төлөйкөн эс алуу аймагына бөлүнгөнбүз. Кызмат өтөп жүргөн учурда эле жамгыр жаап баштап, селге айланды. Эс алуучулар дүрбөлөңгө түшүп кетти. Биз коопсуз жерге чыгарып баштап, милдетибизди аткарып жүрдүк. Тиешелүү жерлерге маалымат берип да жаттык.
Жамгырга байланыштуу бут кийимим суу, ылай болуп, бир түгөйүн таппай калдым. Аны издеп отурганга убактым да болгон жок. Оюма да келбептир. Бут кийим жок жүрүүгө туура келди. Жамгырды да сезген жокмун. Сел менен агып келген ар кайсы нерсени тепсеп, басып жүргөнүм өзүмө сезилген эмес. Шеригим экөөбүз аягына чейин ошол жерде жүрдүк. Кечинде үйгө келип, бала-чакамды карап, эс алып, эртең менен саат 7ге жумушка барышым керек эле. Бутумдун ооруганын эртеси сездим. Бирок жумушка кете бердим. Азыр жакшы.
Сүрөт актуалдуу болуп кетиптир. Аны билген эмесмин, каттар, чалуулар келиптир. Мен эмне болуп жатат деп таң калдым. Көрсө, сүрөтүм тарап кетиптир. Мени ордумда башка кызматкер болгондо да ушул иштерди кылмак. Бул менин милдетим. Мен кесибимди сүйөм. Мекениме чын жүрөгүм менен кызмат кылам», — деди ал.