Асел Ногойбаева мурдагы жолдошу тарабынан зомбулукка кабылып, жашап жаткан үйүндө кулак, мурду кескиленген. Ал окуядан бир жыл өтүп жакында эле Москва шаарына барып, операциянын 1-этабынан өтүп келгенин айтты. SUPERTV телеканалы каарманыбыздын азыркы абалынан кабар алып келдик.
«Ооруканадан чыгып, 1 ай үйдө жаттым да жумушка чыгып кеттим. Эмнегедир менде тартынуу болгон жок. Өзүмдү ыйласам дагы кабыл алдым. Анткени балдарым дем-күч берип турду», — деди ал.
«Алдыда чоң операция турат. Анын да датасы такталды. Ошол операцияга бетимди даярдашты. Биринчи этап мен үчүн аябай жакшы өттү. Шарттары да жакшы экен. 90 пайызга калыбына келет деп ойлоп, санаам тынч болуп жатат. Кадимкидей өзүңө кулак-мурун тандайт экенсиң. Азыр дем алганым жакшы, бирок дайыма мурунга тамчылатма менен жүрөм», — деди ал.