Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрөнү куруу иштери аяктап, бүгүн каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзөт.
Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ала-Арча дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушунун жүрүшүн жеринен көзөмөлдөп, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырган. Аталган көпүрөнүн жараксыз абалга келгенине байланыштуу 24-июлдан тарта №25 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан убактылуу көпүрө салынып, унаалар үчүн каттам камсыз болгон.
Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Таш-Дөбө айылынын тургундары менен жолугуп алардын көйгөйлөрүн уккан. Анда жергиликтүү тургундар айылдагы маселелерди айткан. Алар көптөн бери бутпөй турган көпүрө боюнча кайрылганда Камчыбек Ташиев транспорт министрине тапшырмы бергенин, ал өзү башында туруп, түндөп көпүрөнү бүтүрүшөрүн айткан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram