«Бүгүн чилденин каңтар күнү». Чилде качан чыгат?

Бүгүн, 27-январь — чилденин «каңтар» күнү. Кыш чилденин теңи бүттү, суук каңтарылды. Бул тууралуу журналист Алмас Турдумаматов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Таенем «Каңтар карындагы майды аңтар» деп карында сактаган сары майын алып чыгып, нан бышырып кошуналарды чакырып, ысык нанга май сыйпап ооз тийгизет эле… Эртеңден баштап чилденин үт мезгили келет, эки аптадан кийин апкыт-сапкыт башталып, февралдын он сегизине барып чилде чыгат. 21-январда жаңырган Ай чака илгидей болуп чалкасынан жатат эле, февралда кар көп жаайт бейм. Өзү үт учурунда кар көп түшкөнү жакшы дешет карылар… Айтмакчы, казактар январды бул күнгө байланыштырып «каңтар» деп атап алышкан», — деп жазды ал.