Бүгүн Эмил Жамгырчиевдин депутаттык мандатын алуу маселеси каралат

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт. Бул тууралуу БШКнын күн тартибинде айтылат.

Жыйын бүгүн, 2-февралда өтөт. Бош калган мандат тизмедеги кийинки талапкерге өтөт.