Дүйшөмбү, 20.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бүгүн президент Садыр Жапаров 53 жашка толду

09:46 06.12.2021
0
Бүгүн президент Садыр Жапаров 53 жашка толду

Бүгүн, 6-декабрь президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка толду.

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы жогорку окуу жайга өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан институтта билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин Кыргыз-Орус Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын башкы директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада башкы директор кызматын аркалаган.

Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы Март окуясынан кийин аралашкан. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайланган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2007-жылы 22-октябрда президент болуп турган Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн) боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров төрт жыл бою Польшада жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн барымтага алган” деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жаштардан турган топ Ак үйдү басып алышат. Ошол эле учурда Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында премьер-министр болуп дайындалат. 2020-жылы 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген. Шайлоодо жеңип чыгып, 28-январда расмий түрдө ант берип, президенттик ишине киришкен.

Үй-бүлөлүү. Биринчи айым Айгүл Жапарова менен 4 баланын —  Дастан, Рустам, Нурдөөлөт жана кызы Жанайымды тарбиялап келишкен. Тун уулу Дастан 2019-жылы жол кырсыктан көз жумган. Ошол эле жылы Рустам Жапаров үйлөнгөн. Ошондой эле анын каза болуп калган бир тууганынын уулу Ренат Жапаровду да тарбиялап келгени маалым.

 

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:50 20.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге көрүнүктүү казак акыны, драматург, коомдук ишмер, Казакстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн...

«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:56 20.04.2026
0

"Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Берлинге, Германиянын Бундестагына иш сапары менен келип кетти. Ошол жолугушуунун алкагында мен төмөнкү ойду билдиргем"....

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:03 19.04.2026
0

20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад...

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:33 19.04.2026
0

18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация...

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 18.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

08:56 20.04.2026
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: "Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү"

11:06 20.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү