Бүгүн саат 16:00дөн 00:00гө чейин «Ала-Тоо» аянты унаалар үчүн жабык болот

«Ала-Тоо» аянты бүгүн саат 16:00дөн 00:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык концертке байланыштуу жабылат.

Айдоочулардан алдын ала маршрутту пландоону суранышты.