28-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев оор абалда ооруканага түшкөн. Анын коронавирус жуктуруп алганы, илдеттен улам өнөкөт оорулары курчуп кеткени маалым болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Абдил Сегизбаевдин учурдагы абалын билүү үчүн жубайы Айнура Сегизбаева менен байланышты.
Жубайынын айтымында, учурда Сегизбаевдин абалы орто оор деп бааланууда. «Бүгүн дене табы түшүп, кичине тамак жеп калды. Ага башка дарылар жардам бербегенине байланыштуу гормоналдык дарыларды сайышыптыр. Медкызматкерлер денесине спирт сүйкөп жатышып, дене табын араң түшүрүшүптүр», — деди ал.
Биздин редакция эки күн мурда Айнура Сегизбаева менен байланышканда: «Абдилдин абалы дагы эле оор. Эки тараптуу пневмония аныкталды. Өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркаган. 9 күндөн бери дене табы түшпөй, тамак да ичпей калган. Учурда дарыгерлер тарабынан текшерүүдөн өтүүдө. Ага эч кимди киргизбей жатышат», — деген эле.