Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

“Бүгүндөн баштап үч смен менен иштейсиңер». Улан Ниязбеков Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ишмердүүлүгүн сынга алды

17:32 23.07.2021
0
“Бүгүндөн баштап үч смен менен иштейсиңер». Улан Ниязбеков Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ишмердүүлүгүн сынга алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда өлкөнүн ички иштер министрлигине жол коопсуздугун сактоо боюнча кескин чараларды көрүү, мас абалында, баңгизат колдонуп унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды уюштуруу жана жайкы туристтик мезгилде жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган тапшырмаларды аткаруу максатында 23-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков республиканын аймагындагы жолдордогу жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол коопсуздугун сактоо максатында кескин чараларды көрүү үчүн ыкчам жыйын өткөрдү. Жыйында негизги тема катары президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүү тууралуу тапшырмасын аткаруу маселелери каралды.

Аталган жыйынга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилик курамы, Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жетекчилери катышты.
ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигинин жана өздүк курамынын, Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ишмердүүлүгүн кескин сынга алып, жол коопсуздугун сактоодогу кемчиликтери, адам өмүрүнө кайдыгер иши үчүн кызматынан айдалуу гана эмес кылмыш жоопкерчиликке тартыла тургандыгын катуу эскертти.

“Бүгүндөн баштап үч смен менен иштейсиңер. Ар бир кызматкерге өзүнө тиешелүү участокторду бекитесиңер. Ар бир айылдын кире бериш, чыга беришинде, ичинде кызматкерлер жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзсүн. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараты толугу менен жолго чыгасыңар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жолдорду түн ичинде жарыктандырууну тезинен колго алуу керек. Бирок ошол эле учурда туристтерге өзгөчө сылык мамиле кылууну, сервистик кызмат көрсөтүүнү күчөтүүнү тапшырамын. Бирок алардын арасында мас абалында автоунаа айдагандар бар болсо, анда аларга мыйзам чегинде чара көрүү керектигин эскертемин.

Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип, мыйзамдарды одоно бузгандарга катуу чара көрүү керектигин белгилеймин. Кыска мөөнөттүн ичинде жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытында кардиналдуу өзгөрүүлөргө барбасаңар, жолдогу коопсуздукту сактоодо тиешелүү деңгээлде чара көрө албасаңар силердин ишмердүүлүгүңөргө баа берилет, иштей албасаңар анда кетишиңер керек. Жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоо жана адамдардын өмүрүн сактап калууга байланыштуу үгүттөө, пропаганда иштеринин сапатын жогорулаткыла. Өзүңөрдүн жетекчилик курам, кызматкерлер жана ардагерлер менен атайын телекөрсөтүүлөрдү, радио маектерди уюштурууну колго алгыла, атайын роликтерди чыгаргыла. Жол коопсуздугун сактоо боюнча өткөрүлүп жаткан ар бир рейддик иш-чаралардын максаты мас абалында же баңгизат колдонуп унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо жана аларга карата катуу чараларды көрүү болуп эсептелет. Биздин максат жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу экендигин бириңер да эсинерден чыгарбагыла, бул менин силерге болгон акыркы эскертүүм”,- деди ал.

Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында берилген тапшырмаларды жана иш-чаралардын жүрүшүн толугу менен жеке өзү көзөмөлгө ала тургандыгын да белгиледи.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү