Бүгүнкү жер титирөө менен 1911-жылы Кеминдеги зилзаланын очогу бир жерден катталганы айтылды

Бүгүнкү жер титирөө менен 1911-жылы күчү 11 баллга жеткен Кеминдеги зилзаланын очогу бир жерден катталды. Бул туурасында Кыргызстандын башкы сейсмологу Канат Абдрахматов билдирди.

“Эпиборбору Чоң-Кемин өрөөнүндө болуп, 6 баллга жетти. Бул анча катуу эмес. Алматыда катуураак титиреди (4-5 балл), себеби алар жакын жайгашкан. Ал эми Бишкекте ашып барса 3-3,5 баллга жетет. Бул орчундуу деле эмес. Мындай жер титирөөлөр жыл ичинде 5-7 жолу болот. Бүгүнкүнүн өзгөчөлүгү анын очогу 1911-жылы Кеминде болгон жер титирөөнүн эпиборборуна түшкөнүндө”, — деди ал.

Ошондой эле Казакстандык сейсмологдор да Кеминдеги зилзаланын очогу жанданганын божомолдошту.