Бишкек шаарынын Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
«Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Учурда, шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн, батыш автобекетинен жана «Акжол» кичи автобекетинен «Бишкек автобекети»муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат»,- деп айтылат маалыматта.