Быйыл битир-садаганын өлчөмү кандай болот?

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2024-жылга карата садака-фитирдин баасын бекитти.

«Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү берилет. Тагыраак айтканда 2.5% берилет.

Зекеттин өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискал) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм алтындын орточо баасы 3400 сомду түзөт. Жыйынтыгында: 85 грамм алтын 3400 сомдон эсептелгенде 289 миң сом болот, ушул зекеттин өлчөмү, анын кырктан бири 7225 сом зекет катары чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.

Малдын зекети

Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.

Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 койго же 40 эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо 1 кой же 1 эчки зекет катары берилет.

Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой зекетке берилет. 10 төөгө жетип калса 2 кой жана башка.

Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде 1 ургаачысы бар жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.

Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.