Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясына барып, окуучулардын ачык сабагына катышты. Ал жаңы окуу программасын өтүү методикасы, балдардын предметти кабыл алуу жөндөмдөрүнө күбө болуп, азыр диний билим берүүнү кеңири калыптандыруу коомдук зарылчылык болуп турган шартта, жаштардын бала кезинен диндердин келип чыгуу тарыхы жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү маанилүү экенине токтолду. Ар түрдүү диний агымдарга кошулуудан сактоо, балдарды туура жолго багыттоодо сабактын салымы чоң болоорун айтты.
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары ачылды
Ашуулардагы чектөө ачылганын Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга ачылды. Ал эми Долондогу...












