Быйыл киргизилген «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы 9-класстарга эки чейрек окутулуп жатат

Быйылкы жаңы окуу жылынан тарта 9-класстарга эки чейрек «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети окутула баштады. Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык кабыл алынган. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясына барып, окуучулардын ачык сабагына катышты. Ал жаңы окуу программасын өтүү методикасы, балдардын предметти кабыл алуу жөндөмдөрүнө күбө болуп, азыр диний билим берүүнү кеңири калыптандыруу коомдук зарылчылык болуп турган шартта, жаштардын бала кезинен диндердин келип чыгуу тарыхы жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү маанилүү экенине токтолду. Ар түрдүү диний агымдарга кошулуудан сактоо, балдарды туура жолго багыттоодо сабактын салымы чоң болоорун айтты.