Быйыл Кыргызстанга 192 миңден ашуун орусиялык жаран келди

Ушул жылдын башынан бери Кыргызстанга 192 миң 258 орусиялык жаран келди. Анын ичинен 1631 адам Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

«Быйыл 9 айда Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны былтыркы тогуз айдагы көрсөткүчтөн 30 пайыз көп. Былтыр тогуз айда Орусиянын 385 жараны кыргыз жарандыгын алууга арыз берип, 226 адам жарандык алса, быйыл 1631 адам арыз берип, анын ичинен 603 киши кыргыз жарандыгын алды», — деди ал.