Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

2026-жылдын курулуш мезгилинде өлкө ичиндеги стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор оңдолот. «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми Титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо каралган. Бирок, курулуштун жүрүшүндө айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Учурда курулушу уланып жаткан долбоорлор: Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жана Сафаровка — Барпы жолдору.
Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы кошумча 5 курулманын, улуттук маанидеги Барскоон — Бедел жолунун, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун, ошондой эле Лебединовка — ГЭС-5, Бишкек — Кант, Арашан — Чуңкурчак, Бишкек — Күнтуу — Шопоков сыяктуу объектилердин курулушу улантылат.
Муну менен катар, инвестициялык долбоорлордун эсебинен төмөнкү иштер улантылат:
— «Суусамыр — Талас — Тараз» автожолун реконструкциялоо (IV фаза) — узундугу 93 км;
— Корумду — Балбай Баатыр участогу — узундугу 79,3 км;
— Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок — узундугу 75 км.
Жаңы долбоорлор:
— Профсоюз көчөсү — 8.5 чакырым,
-Жаны Ош базарына барчу жол — 8.7 чакырым;
— Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жол – 15 чакырым;
— Ак-Суу районундагы Бозучук — Жыргалан унаа жолунун 14,5 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөө;
— Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» («Ала-Тоо резорт») тоо лыжа базасына барчу 8,5 чакырымдык альтернативдик жолду, ошондой эле ага туташуучу жана технологиялык жолдорду долбоорлоо жана куруу;
— Жети-Өгүз — Койсары (Жети-Өгүз курорту) унаа жолунун 15 чакырым аралыгын реконструкциялоо;
— Узундугу 51 чакырымды түзгөн Тамдык — Кишемиш — Дөнөн — Булак-Башы унаа жолун долбоорлоо жана куруу.