«Былтыр сентябрда Баткенге жиберилген». Тажикстандын кол салуусунан 19 жаштагы Рашид Бердибаев көз жумду

Тажикстандын кол салуусунан 19 жаштагы Рашид Бердибаев көз жумду. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук администрациядан билдиришти.

Бердибаев Рашид Жеңишбекович 2003-жылы Кара-Кулжа районунун Карагуз айылдык аймагынын Жетим-Дөбө айылында туулган. 2010-2011-окуу жылында Жетим-Дөбө айылындагы Суранбаев атындагы Карагуз орто мектебине 1-класска кабыл алынган. 2018-2019-окуу жылынан тартып мектептин президенти болуп, өзүнүн жогорку сапаттары менен окуучулардын эсинде калды. 2020-жылы “Жылдын мыкты окуучусу” сынакта биринчи орунду алып, өзүнүн актерлук чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөткөн.

«Рашиддин мүнөзү ачык, шайыр, жароокер, боорукер, чындыкты бетке айткан, тайманбаган, эр жүрөк бала болгон. Ошол сапаттары Рашидди мекенге кызмат кылуу үчүн Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик окуу жайга тапшырууга түрткү берген. 2021-жылдын сентябрь айында мекенге атуулдук кызматын өтөө үчүн Баткен облусуна жиберилип, кызмат өтөө мезгилинде өзүнүн мекенчилдик, тайманбас сапаттары менен “Эң активдүү, кыраан жаш жоокер” сыйлыгына ээ болгон.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын Айдаркен шаарындагы №2023 аскердик бөлүгүнүн жоокери Бердибаев Рашид Жеңишбекович каармандык менен курман болду. Агасы, эжеси жана иниси бар», — дешти.