25-октябрда Нарында 3 эм жарыкка келген. Буга чейин төрөтканадан маалымат таратышып, Алтынай Майрамбекова операция жолу менен 3 эм кызды жарыкка алып келгенин билдиришкен.
Бүгүн, 1-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги 3 эмди жарыкка алып келген 24 жаштагы Алтынай Майрамбековадан кабар алдык.
«Мен Алтынай Майрамбекова. 24 жаштамын. Бул менин биринчи төрөтүм болду. Жолдошум Эрбол Карагулов экөөбүз былтыр август айында баш кошконбуз. Ал да 24 жашта. Жаш үй-бүлөбүз. Азыр абалым туруктуу. Бирок ооруканадан чыга элекпиз.
Нарын шаарынын мэриясы тарабынан 35 миң сом берилди. Жергиликтүү администрация дүйшөмбү күнү келебиз дешти. Ошол учурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип жолугат деп жатышат. Кыздарыбыздын аттарын Ажара, Анара, Саадат деп койдук. Өзүбүздүн үй жок, батирде турабыз»,- деди ал.