«Кыргызстанда баары бизди алдагысы келгени нес кылды». Соцтармак колдонуучусу кыргыз эли үчүн уялганын айтты

Социалдык тармактын колдонуучусу Кыргызстанда өткөргөн 14 күн тууралуу айтып, кыргыз эли үчүн уялып жатканын жазып чыкты.

«Биз Кыргызстанда 2 жума жүрдүк. Жолдошум австриялык. Мени нес кылган нерсе — бул баарынын бизди алдагысы келгени. Бул мени абдан капалантты. Жолдошумду көргөндөрдүн баары эле бааны көтөрүп жатты. Мисалы, такси чакыртсак, 300-500 сом болчу жерген чейин бизден 1000 сом алды. Буга таксист кыз унаадагы эсептегич иштебей жатканын себеп кылды. А чындыгында, кыздын ал эсептегичти өчүрүп жатканын көрүп калдым. Бул башы гана болчу. Ысык-Көлдө да ошол кайталанды. Бүркүт менен сүрөткө түшкөнгө 600 сом сурашты, болбосо, ал 100 сом эле турат. Биз төлөдүк. Мен кыргыз элим үчүн уялып жатам. Ал эми  жолдошум эл көп жерде сүйлөбөй калды», — деп жазды ал.