Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Кумтөр кенин иштеткен канадалык компания соңку окуялар боюнча үн катты

16:53 08.05.2021
0
Кумтөр кенин иштеткен канадалык компания соңку окуялар боюнча үн катты

Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине байланыштуу окуялар боюнча үн катты.

Кечээ, 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган.

Centerra ишканасы «кырдаал менен тааныш экенин жана Кумтөр боюнча 2009-жылкы кайра каралган келишимди бузууга багытталган мыйзам долбоорлору жана токтомдор тууралуу билерин» айткан. Бирок бул долбоорлор кайсы стадияда экени анык эместиги кошумчаланган. Ошондой эле компания сот чечими тууралуу кыскача пикирин билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын март айында Кыргызстандын 4 жараны ишкананын мөңгүлөрдүн үстүнө кенден казылган топурак-шагылдарын төгүү боюнча мурдагы практикасын мыйзамсыз деп таптырууну көздөгөн. Бирок өткөн аптада дооматын өзгөртүп, экологиялык зыян келтиргени үчүн мамлекетке 3 миллиард доллар төлөп берүүсүн талап кылышкан. Мындан тышкары, билдирүүдө арыз жазгандардын бири Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (учурда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет) жетекчиси Динара Кутманованын баласы экени айтылат.

Компаниядан бидиришкендей, алардын колуна Салык кызматы 2015-2020-жылдар аралыгында жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тийген. Документтер каралып жатат, бирок алдын ала маалыматтарга караганда, компания кошумча 170 миллион доллар төлөөгө милдеттендирилген. Сумма мурдагы эле салык жана төлөмдөрдүн негизинде төгүп берилиши керек. Centerra акыркы аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн сумма менен мурда айтылган сумма туш келип же келбегенин түшүнбөй жатканын айтат.

Канадалык компаниянын билдирүүсүндө, «Кумтөр Голд Компани» бардык мыйзамдар менен келишимдерди так аткарганы айтылат. Ошондой эле экологиялык көрсөткүчтөр эл аралык нормаларга, анын ичинде Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын талаптарына туура келери белгиленген. Centerra көрсөткүчтөр бир нече жолу аудиттен өткөрүлгөнүн, ага кыргыз өкмөтүнүн консультанты дагы катышканын белгилейт. Компания Салык кызматы менен доо арыз жазган жеке тараптардын дооматын негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айтат.

«Centerra 2009-жылы кайра түзүлгөн келишимдин негизинде кызматташа берүүгө даяр. Ал талаш-тартыш маселе жаралып калганда эл аралык арбитражга кайрылууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик пошлина төлөө боюнча азыркы же келечектеги юридикалык талаптарды, Кумтөр кенине тиешелүү талаш жараткан жагдайларды жана башка маселелерди Centerra компаниясына таасир этпей туруп чечүүгө болот дегенге кепилдик жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания, ал Кыргызстандагы Кумтөр кенин иштетет.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:07 28.04.2026
1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды....

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 28.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ушул жылдын 28-30-апрелинде Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргыз Республикасына расмий сапары...

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:45 28.04.2026
0

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Россия Федерациясына каршы санкцияларынын 20-пакетине Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын киргизилиши, анын ичинде биздин...

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:00 28.04.2026
0

Каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо...

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:28 28.04.2026
0

1-майдан 10-майга чейин, май майрамдары мезгилинде, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат жана жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат. Бул...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

1
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

15:07 28.04.2026
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү