Жогорку Кеңеште 6-майдагы жыйынында «Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга, Жазык кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. Анын авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору кен тармагында концессиялык келишим менен иштеген компанияларга гана тиешелүү экенин, Кыргызстанда мындай бир гана компания бар экенин маалымдады.
«Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эгерде компания өзүнүн иштөө убактысында адамга, же анын ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудура турган болсо, абдан чоң зыян алып келе турган болсо, убактылуу 3 айга сырттан башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок кантип, ким киргизе турганы жазылбай калган экен. Акционердик коомдор тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сиздерге сунуштап жатабыз. Эгер компания тышкы башкарууга каршы чыга турган болсо, 5-7 жылга чейин катуу жаза көргөнгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Тышкы башкаруучуну Министрлер кабинети тандайт, тандоо жол-жобосун бекитет», — деди Жапаров.