«Чака коюп алып сабак өтө беребиз». Ак-Суудагы мектепте окуучулар тамчылаган кабинетте окушат

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жергез айылында жайгашкан Осмон Элебесов атындагы мектептин ичине жамгыр тамчылап, ага карабай окуучулар сабак өтүп келишет. Бул тууралуу «Турмуш» агенттигине мектептин директору Бермет Отомбаева маалымдаган.

— Биздин мектеп 1970-жылы курулган. 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектеп авариялык абалда турат деген токтом чыгарган. Кооптуу абалга карабай окуучуларды окутуп келебиз. Жамгыр шыптан өтүп кабинеттердин ичинде, коридорлордо тамчылап турат. Чакаларды коюп алып сабак өтө беребиз. Былтыр апрелде жаңы мектепке пайдубал үчүн жер казып, ошону менен токтотуп коюшкан. Ал аңдар балдар үчүн коркунуч туудурат.

Аталган мектепте жалпы 347 окуучу билим алат.