Чаткалда милиция тургундардын арыз-муңдарын угушту

Чаткал РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте, түзүлгөн графиктин негизинде Чаткал районунун Коргон-Сай айылына барып тургундардын арыз-муңун жеринен угушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Ошондой эле аталган айылда жайгашкан Р.Акназаров орто мектебинде 11-класстын окуучуларына алдыда келе жаткан акыркы коңгуроо учурунда коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошону менен катар милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга сууга түшүүгө кооптуу болгон жайларда балдарды этияттап, ар кандай күтүлбөгөн кырсыктар-окуялардын алдын алуу керектигин эскертишти.

«Ал эми РИИБдин Балдар иштери боюнча инспекциясынын демилгеси жана айыл өкмөттүн жардамы менен, С.Байдоолотов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектептин 8-9-класстарынын арасында спорттун эстафета, таяк тартыш (масс-реслинг) жана аркан тартыш түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду. Аталган меледштин негизги максаты окуучулар арасында мектеп рэкетчилигин жоюу, ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана класстар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.