«Чечме булак эмне болот?» Чечме айылынын тургундары митингге чыгышты

Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары митингге чыгып, Чечме булак боюнча бийликтен түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Алар видео кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.

«Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселеси 100 пайызга чечилгенин айтууда. Андай болсо, Чечме булагы боюнча маселе кандай чечилди? Булактын айланасы өзбек тарапка берилип жатат деп уктук. Андай болсо 1500 калкы бар айыл сууну кайдан алат? Бул жерде эл тынчсызданып жатат. Келгиле, булак маселесин кантип чечкениңерди түшүндүрүп бергиле», — деди айыл тургундарынын бири.

Ал ошондой эле бийликтен чек ара тилкесин тосууну суранды. «Бардык архивдик документтер боюнча Чечме булагы бизге тиешелүү. Аны тосуп бергиле. Чек ара маселелери 100 пайыз чечилди дегенге ишенбей калдык», — деди ал.