Ишемби, 21.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады

17:34 28.08.2021
0
Чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады

Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады.

Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында аталган окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчадан кабар алды.

Мамлекет башчысы зарыл тиричилик техникасы жана керектүү коммуникациялары киргизилген бир нече үйдү көрүп чыкты. Ошондой эле, көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу орнотулган. Шаарчанын ичинде бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, парк жана башка керектүү инфраструктураны түзүү пландалууда.

Садыр Жапаров маркумдарды эскерип, туугандары менен бирге куран окуду жана алардын жакындарына дагы бир жолу көңүл айтты. Алар менен баарлашып жатып бул 36 үй трагедияда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн колдоо максатында курулуп жатканын белгилеп, аларда өз элин сүйгөн, мекенин коргоого даяр уул-кыздар чоңоюшун каалады.

«Элим менен кошо менин да жүрөгүм канап турат. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында орун алган каргашалуу окуяда алар Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, аны көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти көкүрөгүнөн чыгарбай, эл-жерди коргойм деп жан беришти. Ооба, кандай гана колдоолорду көрсөтпөйлү, орду толгус мындай оор жоготуунун орду толбойт. Эр-азаматтарыбыздын ата-энеси, жакындары, жубайы, балдары эл көзүнө жылмайганга аракет кылганы менен бүгүн да ичтеринен сызып, аттиң деп арман кылып турушат», — деди ал.

Ал оор учурда өлкөнү сатпаган элдин ишеничтүү уулдарын тарбиялаганы үчүн туугандарына терең ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилигинин умтулуусу, максаты жана аракеттери Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүүгө багытталганын, ошондой эле тынчтык жана ынтымакты сактоого аракеттер көрүлгөнүн белгиледи. Шаарчанын тургундары жана курман болгондордун туугандары Президентке колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришип, анын ишине ийгиликтерди каалашты жана көйгөйлөрүн айтышты.

Президент Садыр Жапаровдун трагедия курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча демилгесинин алкагында үстүбүздөгү жылдын жазында Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталында жер тилкесин бөлүп, жергиликтүү компаниялар бардык шарттары бар үйлөрдү куруу милдеттемесин өздөрүнө алышкан. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктады.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:21 20.03.2026
0

Кыргыз Республикасында майрамдык Айт намаз болуп, миңдеген адамдар намаз окууга чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер...

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:12 20.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер, дин аалымдары жана мекендештер менен бирге Орозо айт намазын окуду....

Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 20.03.2026
0

Бүгүн, 20-март күнү Ош облусунда ыйык Орозо айт майрамына карата айт намазы окулду. Облустун аймагындагы жалпы 425 мечитте уюштурулган айт...

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:45 20.03.2026
0

Ош шаарында 23-марттан тарта жылуулук берүү токтотулуп, 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгили аяктайт. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койду. Жылуулук...

Президент Садыр Жапаров Айт намазга катышты

Президент Садыр Жапаров Айт намазга катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:27 20.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта ыйык Орозо айт майрамына карата өткөрүлгөн Айт намазга катышты. Майрамдык намаз Кыргызстандын миңдеген жарандарынын катышуусунда...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

10:12 20.03.2026
ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

10:21 20.03.2026
Ош шаарында жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулат

09:45 20.03.2026
ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

10:21 20.03.2026
Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

10:12 20.03.2026
Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

10:04 20.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү