Чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү

Бүгүн, 6-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Маектин жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты, алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги тышкы саясий байланыштарга, анын ичинде Өзбекстан президенти Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына анын катышуусу боюнча сааттарды тууралашты.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр 2022-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Төбө-Коргон аймагында Өзбекстан Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан курал колдонулуп, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын үч жараны каза болгон окуяны талкуулашты.

Тараптар чек ара аймагындагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү, ошондой эле достук жана ынак коңшулуктун негизинде кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгилешти.