Чек ара кызматы: “Кыргыз чек арачылары жардырган миномёттон жаран жарадар болду» деген маалымат калп”

26-сентябрь саат 21:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы Ozodi.org сайтында жарыяланган «Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан минометтун жарылышынын натыйжасында жергиликтүү тургун жарадар болду» деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

“Кыргыз тарап Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдер менен да, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун №42 протоколу менен бекитилген эки тараптуу макулдашууларды так сактайт. Чек ара кызматы Тажик Республикасынын компетенттүү жана укук коргоо органдарынын көңүлүн жалпыга маалымдоо каражаттарында биргелешип кайтарылган чек арада улуттар аралык жаңжалды жана провокацияларды козутууга өбөлгө түзгөн атайылап жалган маалыматтарды таркаткандарга бурат. Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон”, — дешти.