Чек ара кызматы: «УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы оор жана орду толгус жоготууга учурады»

УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы оор жана орду толгус жоготууга учурады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган куралдуу агрессияда мекенбизди, Баткен жана Ош облустарынын жай тургундарын коргоп жатып, Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери каза тапты. Атылган октон алоолонгон өрттү көкүрөгү менен тосуп, эч нерседен коркпогон бул жоокерлер согуштук кырдаалда баатырдык жана эрдик көрсөтүштү. Кагылышта биздин уул, ага-ини, ата болгон жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер курман болушту. Алардын ысымдары Чек ара кызматынын тарыхый барактарына жазылат», — деп айтылат маалыматта.