Чек ара кызматынын башчысы: «Тажик тарап чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келүүдө»

«Тажик тарап чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келүүдө». Бул тууралуу Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев билдирди.

Чек ара кызматынан маалымдашкандай, кечээ, 27-январда саат 22:18де тажик тараптын демилгеси менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү дагы эле ок атууну токтотуу тууралуу болду.

Уларбек Шаршеев тажик тарап ок атууну токтотпой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирди. Саат 23:00гө карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскер кызматкеринин жайгашкан жерин көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат, ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде дагы деле ок атышуу уланып жатат. Тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй миномет менен атышкандыгынан Кыргызстандын жергиликтүү жашоочусунун үйү өрттөнүп кеткен.