15-ноябрда интернет айдыңында УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып койгондугу тууралуу маалыматтар жарыяланган. Чек ара кызматынан билдиришкендей, маалымат текшерилип жатат.
«УКМКнын Чек ара кызматы жарандардан опузалап акча каражатын алгандыгы боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлеринин тиешеси бар-жогу боюнча териштирүү иштерин баштады», — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин мыйзамсыз иш аракеттерге тиешеси бар экени тастыкталса, териштирүүнүн материалдары Аскер прокуратурасына мыйзамдын негизинде аскер кызматкердин жоопкерчилигин кароо үчүн берилет.