Чек арада чыр орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлүүдө

Чек арада чыр чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал чыңалуу бойдон. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Ал жерде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү. Чыр-чатак орун алган аймактан элди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы тапта чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30га карата жол каттамы ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда.