Чек арада каза болгон Эламан Ураимовго арналган кыска анимациялык тасма жарык көрдү (видео)

Чек арада каза болгон Эламан Ураимовго арналган кыска анимациялык тасма жарык көрдү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине автору Жолдош Калмурзаев видео тууралуу кыскача маалымат берди.

«Баткен окуясында 29 жаштагы Эламан Ураимов баатырларча курман болгон. Ал жанындагы аскерлерди сактап калуу үчүн өзүн граната менен жардырып, жанын кыйган», — деди ал.

Баткендеги куралдуу кол салууда Тажикстандын аскер кызматкерлерин токтотуу үчүн өзүн граната менен жардырып жиберди деп жатышкан Эламан Ураимов 29 жашта болгон. Анын артында 1 уул, 1 кызы калды. Ал Баткен районуна караштуу Бужум айылындагы аскердик бөлүктүн командири болгон. Ал башка офицерлер жана аскерлер менен Достук айылындагы тозотто милдетин аткарып жаткан. Маалыматтарга караганда, ал агрессорлордун көзүн тазалоо үчүн өзүн граната менен жардырып жиберген.