Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан эки киши жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирип, жабырлануучулар жөнүндө буга чейинки маалыматка тактоо киргизди.
Маалыматка ылайык, Лейлектеги ооруканага октун чачырандысынан жаракат алып, бир тургун жана бир аскер кызматкери жеткирилген.
Кечээ, 12-апрелде Чек ара кызматынан ок атышуудан бир аскер кызматкери жаракат алганын маалымдашкан. Бүгүн, 13-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен эки жабырлануучу Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлерлик практика борборуна жаткырылганын билдиришкен.