Чек арадагы чырдан жаракат алган 12 адамдын абалы тууралуу министрлик маалымат берди

Бүгүн, 28-январь саат 14:30га карата Баткен облусунда жаракат алгандардын саны 12 кишини түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Жабырлануучулардын баары Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылды жана алардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Алар тийиштүү дарыланууну алып жатышат.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 11 аскер кызматкери жаракат алганын айткан.