Баткендеги кырдаалга байланыштуу соңку маалымат боюнча аймактан болжол менен 11 миң 52 адам эвакуацияланды. Алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды. Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айыл аймагы, Самаркандек айыл аймагынан Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 миңге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү. Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына көчүрүлдү. Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана И.Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды. Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.
Эмгек министрлигинде жүргүзүлгөн аудитте 36 миллион сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана кемчиликтер катталды
Эсептөө палатасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити...











