Чек арадагы кол салууда каза болгон 20 жаштагы Амангелди Балыкчиевдин сөөгү жерге берилди

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 20 жаштагы жоокер Балыкчиев Амангелди Калетбекович кечээ, 19-сентябрда акыркы сапарга узатылды.

Ал 2002-жылы 28-августа Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн Бообек айылында төрөлгөн. Жигит Баткен облусунда чек ара кызматын өтөп жаткан. 16-сентябрдагы чек арада болгон кол салуудан курман болду. Амангелди үч бир туугандын ортончусу болгон.