«Танк жарылып, курман болду». Чек арадагы кол салууда журналист Нургазы Анаркуловдун иниси көз жумду

«Кыргыз элинде жана биздин үй-бүлөдө чоң жоготуу болду». Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы, журналист Нургазы Анаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Иним Санжар Анаркулов кыргыз-тажик чек арасындагы согушта баатырдык жасап, жоокер достору менен танк аркылуу душманды Достук айылында кубалап, көп адамдардын өмүрүн сактап калды. Бирок душмандын аткылоосунан танк жарылып, курман болду. Санжар иним кыргыз жеринин бүтүндүгүн коргоп, эл-жер үчүн өз өмүрүн берди! Иним, сенин бул баатырдыгын түбөлүк биздин эсибизде калат», — деп жазды ал.