Чолпон-Ата шаарындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу 6-класстын окуучусун бетке урган видео тарады.
Билим берүү жана илим министрлигинен видеодогу кыздардын аты-жөнүн такталганын билдиришти. Окуу жайдын жетекчилиги билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам чара көрүшкөн. Алар окуучулардын ата-энелерине, анын ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.