Чоң Чүй каналына чөгүп жаткан 2 баланы куткарып калган окуучу сыйланды

Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан эки баланы куткарып калган мектеп окуучусу сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков №52 орто мектептин 9 «А» классынын окуучусу Даниил Дриго жана анын апасы менен жолугушту. Окуучуга өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн район башчысы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады. Ал эми ушундай камкор уулду тарбиялаганы үчүн апасына муниципалдык администрациянын Ыраазычылык каты тапшырылды. Мындан тышкары, кафенин ээси Бахрам Кудайдатов окуучуга беш миң сомдук сертификат тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.
Өткөн аптада 16 жаштагы Даниил Дриго эки баланын чөгүп жатканын көрүп, суудан алып чыккан. Ал кайык спорту менен алектенет, спорттун чебери. Өспүрүм машыгуудан кайтып келе жаткан учурда жардам сурап кайрылган үндөрдү уккан.