20-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунда 59 жаштагы жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.
Кечээ, 31-октябрь күнү дайынсыз болгон жарандын кызынын кайрылуусунун негизинде жеринде издөө иши башталып, ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылган.
Дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калгандыгы аныкталгандыгын жакындары билдирген. Ага ылайык издөө сууда кайык менен жүрүүдө. Жеринде Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын 7 куткаруучусу иш алып барууда.