Чоң Кеминде карагайлар кыйылган. Министр кандай чара көрдү?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев мамлекеттик “Чоң Кемин” жаратылыш паркындагы тянь-шань карагайынын мыйзамсыз кыйылышы боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Буга чейин Facebook социалдык тармагында аталган паркта дарактардын массалык түрдө кыйылып жатышы тууралуу маалымат чыккан. Мекеме башчысынын тапшырмасы менен министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда аталган иштин бардык материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени турат.

Мамлекеттик “Чоң Кемин” жаратылыш паркынын директору Изат Ибраимовго тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн айып пул салынды. Андан сырткары, кызматкерлер арасында мындан ары жогорудагыдай иштерди болтурбоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоого кошуп жаткан салымы үчүн активисттерге, блогерлерге жана кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирет. Жаратылышты коргоо мыйзамы бузулган жаңы фактыларды байкаган учурларда оперативдүү түрдө чара көрүү үчүн дароо министрликке кайрылып кабарлоону өтүнөт.